8-ноябрь күнү Ноокенде сайдан 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыздын апасы шектүү кармалганын айтып, сот акыйкаттык чечим чыгарып берүүсүн суранды.
«Шектүү кармалды, кечээ милицияга барып келдим. Кызымдын толстовкасы менен спорттук бут кийими шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда табылган экен. Азыр телефон, баштыгынын кайда экени дайынсыз болуп жатат. Эгер өлкөдө өлүм жазасы болгондо, өлүп жазасын бергиле демекмин. Тилекке каршы өмүр бою эркинен ажыратылуусун талап кылып жатабыз. Же биздин колубузга берсе деп суранат элек, бирок мыйзам чегинде жазалансын. Шектүүнүн үй-бүлөсү бар экен. Бизге жеткен маалыматтар боюнча анын 3 кызы, 1 уулу бар экен», — деди ал.
- Милицияга Масы айылындагы Алаш сайында кыз кишинин жансыз денеси жаткандыгы кабарланган. Алдын ала текшерүү иштери учурунда кыз киши колдуу болгондугу, маркум Базар-Коргон районунун 19 жаштагы тургуну экени аныкталып, Жазык кодексинин 122-беренесинин негизинде (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолгон, акыркы жолу 2021-жылы баңгизатка байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Сузак районунун тургуну, 1964-жылы туулган жаран кармалган.