Нооруз: «Ала-Тоо» аянтына боз үйлөр тигилди

«Ала-Тоо» аянтына боз үйлөр тигилип, Нооруз майрамына карата даярдыктар көрүлүүдө. Майрамдык салтанатка президент Садыр Жапаровдун катышары күтүлүп жатат.

Саат 12:30дан 17:00гө чейин шаардыктар үчүн концерттик программа, жарманке, искусство көргөзмөсү, спорттук оюндар жана улуттук каада-салттардын көргөзмөсү болот.