Нооруз майрамында милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Ички иштер министрлиги Нооруз майрамын белгилөө күндөрүндө милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Министр Улан Ниязбеков өлкөнүн эч бир жеринде массалык башаламандык, кагылышуу, тартип бузууга жол берилбеши керектигин эскертти. Ошондой эле майрамды жапырт белгилөө учурунда жаш балдардын жоголуп кетүүсүнөн сак болууга чакырды.

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, төрт күнгө созулуучу дем алышта жана Нооруз майрамы учурунда атайын, күчөтүлгөн иш тартибинин планы түзүлдү. Анын ичинде коомдук тартипти сактоо, жол-транспорт кырсыктарына жол бербөө сыяктуу иш-чаралар бар.