«Ностальгия менен эстеп жатышат». Ташиев кылмышкерлерди колдогондор да жазаланарын айтты

«Уюшкан кылмыштуу топторду жок кылганыбызды кээ бирлер ностальгия менен эстеп жатышат». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Ошолорго болушкандай болуп сүйлөп, видео чыгарып, колдогондор болууда. Дагы бир жолу айтайын, мындан ары кылмышкерлерди колдогондорду да жазалайбыз. Кылмыштуулукту популяризация кылгандарды, аларды өнүктүрүүгө аракет кылгандарды да жазалашыбыз керек. Кылмыштуу топторду жок болушу зарыл», — деди ал.