Новиков: «Акыркы күндөрү коронавирус менен ооругандардын динамикасы начарлап жатат»

Саламаттыкты сактоо мекемелериндеги медикаменттердин запасынын көлөмү жана дарыканалардагы баалар тыкыр көзөмөлдөнүшү зарыл. Бул туурасында биринчи вице-премьер Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде билдирди.

«Акыркы күндөрү коронавирус инфекциясы менен ооругандардын динамикасынын начарлашы кооптонууну пайда кылууда. Ооруга чалдыккандардын саны оорудан сакайгандардын санынан жогору болууда. Бүгүнкү күндө абал туруктуу, бирок биз ар кандай кырдаалга даяр турушубуз керек.

Чүй облусунун Кемин жана Ысык-Ата райондорундагы абал кооптонууну пайда кылууда. Аймактардын, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери тарабынан эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө күчтөндүрүлүшү керек. Мезгилдүү орун алуучу курч респиратордук вирустук инфекцияларга жана бактериялык пневмонияга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Өлкө боюнча саламаттыкты сактоо мекемелериндеги медикаменттердин запасынын көлөмү жана дарыканалардагы бааларга үзгүлтүксүз негизде мониторинг жүргүзүлүп, тыкыр көзөмөлдөнүшү зарыл», — деди Новиков.

Биринчи вице-премьер белгилегендей, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тараптан даярдалган COVID-19 үчүнчү толкунуна даярдык көрүү боюнча план жер-жерлердеги реалдуу муктаждыктарды чагылдырбайт.

Анын айтымында, планды кайрадан иштеп чыгуу керек, анда өлкөнүн ар бир районундагы саламаттыкты сактоо уюмдарында 1-2 күн ичинде кошумча койко-фонд ачуу, суюк кычкылтек берүү тутумунун даярдыгын, кошумча медициналык кызматкерлерди тартууну, ошондой эле жаңы клиникалык дарылоо протоколуна ылайык дары-дамектердин тийиштүү запасын камсыздоо мүмкүнчүлүгү каралуусу зарыл.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдагандай, учурда аймактарда кошумча койко-фонддорду ачуу боюнча иш жүргүзүлүүдө. Биринчи баскычта, планга ылайык, 3500 орун даярдалат, анын 500 ашуун оруну – интенсивдик терапия палатасында, дагы кошумча 3400гө жакын орун ачылат.

Штабдын кеңешмесинин жүрүшүндө белгиленгендей, Ош облусунда пневмониядан улам балдардын массалык түрдө кайтыш болгондугу тууралуу ЖМКда пайда болгон маалымат чындыкка жатпайт.

Артем Новиков Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине үч күндүк мөөнөттө пневмониянын коронавирустук жана башка түрүн дифференциалдуу диагностикалоо боюнча клиникалык жетекчиликти иштеп чыгып, багыттоосун тапшырды.