Новиков өлкөнүн түштүк аймагына иш сапар менен кетти

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу бүгүн, 7-декабрда Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат жана ал эки күнгө созулат.

Артем Новиков иш сапардын алкагында өндүрүш объектилеринин иши менен таанышып, Исфана шаарындагы аэропорттун ачылыш аземине катышат жана Кадамжай шаарындагы оорукананын курулуш ишинин жүрүшүн көрөт.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу иш сапардын эртең, 8-декабрда Өзбекстандын Фергана шаарында өтө турган Кыргыз өкмөтүнүн чек арага чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын  чек ара аймактарынын акимдеринин жыйынына катышат.

Иш сапардын соңунда Артем Новиков «Иркештам» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышат.