Новопавловка көрүстөнүндө маркумдарды көмүү иштери токтотулду

Новопавловка көрүстөнүндө маркумдарды көмүү иштери токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

5-сентябрдан тарта Бишкек шаарындагы Ак-Ордо жаңы конушунда жайгашкан Новопавловка көрүстөнүндө маркумдарды жерге берүү иш-чаралары токтотулат.

Чечим көмүлгөн жерди күтүүгө карата санитардык-экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу максатында мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлү үчүн борбордун корутундуларынын негизинде кабыл алынган.

Белгилей кетсек, маркумдардын сөөгүн коюу Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Гроздь айылындагы шаардык көрүстөндө жүргүзүлүшү мүмкүн.