Социалдык тармактарда Новопокровка – Сары-Жон унаа жолундагы Чоң Чүй каналы (БЧК) үстүндөгү көпүрөнүн жараксыз абалга кептелген жери тартылган видео тарады. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» ишканасынан маалымдашты.
Аталган көпүрө 1966-жылы курулган, узундугу 40 метр, туурасы 7 метрди түзөт. Көпүрө Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №43-жол тейлөө ишканасынын балансында турат.
19-апрель күнү көпүрөнүн техникалык абалын жеринде текшерүү иштери жүргүзүлүп, ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери, ошондой эле №43-ЖТИ нын жетекчилиги катышкан. Учурда көпүрөгө “Кыргыздортранспроект” долбоорлоо-изилдөө мамлекеттик институтунун адистери тарабынан техникалык экспертиза (обследование) жүргүзүлүүдө. Коопсуздукту камсыздоо максатында көпүрө убактылуу жабылып, жарандар үчүн альтернативдик жол уюштурулган. Видео материалда көрсөтүлгөндөй, кыймыл азыр дал ошол жол аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул маселе “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын көзөмөлүндө турат жана бардык зарыл чаралар ыкчам түрдө көрүлүүдө.