Новосибирскте Кыргызстанда чыккан Coca-Cola сатыла баштады

Новосибирск дүкөндөрүндө Кыргызстанда өндүрүлгөн Coca-Cola сатыла баштады. Бул тууралуу BFM.RU жазды.

«Бөтөлкөлөрдүн жасалгасында анча деле айырмачылыктар жок: жашыл капкак ​​жана кыргыз тилиндеги жазуулар. Этикеткадагы кичинекей тамга газдалган суусундук Бишкектеги заводдо Coca-Cola Bishkek Bottlers тарабынан чыгарылганын көрсөтүп турат. Сатып алуучулар анын даамы мурда сатылгандан эч кандай айырмаланбагандыгын белгилешет», — деп жазат басылма.

2022-жылдын июлуна чейин Новосибирск дүкөндөрүнө белгилүү чет элдик бренддин суусундуктары жергиликтүү заводдон жеткирилип турган. Кока-Кола Орусиянын рыногунан чыгуу чечиминен кийин айрым эксперттер дүкөн текчелериндеги бош орундарды орусиялык газдалган суусундуктардын бренддери ээлейт деп ишенишкен. Башкалары болсо, дистрибьюторлор Кока-Коланын популярдуулугунан пайдаланып, башка өлкөлөрдөн – Казакстандан жана Кыргызстандан жеткирүүнү уюштурууну улантат деп ишенишкен.