Ноябрь айында 4 күн удаасы менен эс алуу күндөрү болот. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйылкы жылы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленген 7-8-ноябрь эс алуу күндөрүнө туш келет. Андыктан, аталган майрам күндөр 9-10-ноябрга, тагыраагы дүйшөмбү жана шейшемби күндөрүнө жылат. Ошентип, 5 күн иш графиги менен иштеген Кыргыз жарандары удаасы менен 4 күн эс алышмакчы.
Бишкекте +39. 27-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 27-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +21…+26, күндүз +35…+40,...