Ноябрда кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат

Кыргызстандыктар ноябрда 4 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен тастыкташты.

7-8-ноябрь быйыл дүйшөмбү, шейшембиге туура келет. Демек, жарандар 5-ноябрдан 8-ноябрга чейин эс алат. Эгер 6 күндүк мекемелер болсо, 6-ноябрдан 8-ноябрга чейин эс алышат.

7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү. Бул күн 2017-жылдан бери белгиленип келет.