Ноябрда уй этине болгон орточо чекене баа 20-50 сомго көтөрүлдү

2020-жылдын ноябрь айынын ичинде уй этине болгон орточо чекене баа 20-50 сомго көтөрүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымат таратты.

Өткөн аптанын аягында эттин килограммы 340 сомдон 450 сомго чейин сатылды. Эң чоң кымбаттоо Нарын облусунда белгиленген. Эттин баасынын жогорулашына Өзбекстан менен Тажикстанга малдын көп сатылып жатышы себеп болгону айтылууда.

Өткөн аптада өкмөт бир катар айыл чарба продуктуларына, анын ичинде малдын сыртка чыгарылышына тыюу салган. Ага карабай азырынча базарда эттин арзандаганы байкала элек. Буга байланыштуу Жаңылыктар-SUPER TV каналы репортаж даярдады. Андан Айыл чарба министри Тилек Токтогазиевдин абал боюнча комментарийин да көрө аласыз.