Нур-Султан шаарында жоголгон кыргызстандык Нурлан Саматов жакындарын издейт (видео)

Кыргызстандык Саматов Нурлан аттуу мырзанын жакындарын издөө үчүн кайрылган видеосу социалдык тармактарга тарады. Видеодо өзүн Саматов Нурлан деп тааныштырган мырза элге кайрылуу жасаган.

Мен Кыргызстандын Жалал-Абад шаарынан болом. 1961-жылы туулгам. Эки карындашым, иним Москвада жашашат. Мен бул жакта (Нур-Султан шаарында) жоголуп калдым», — деген ал.

Ошондой эле ал жол кырсыгына кабылып, операция болуп, эми гана ооруканадан чыгарылганын кошумчалаган.