Нурбек Абдиев ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды

Бүгүн, 4-апрель күнү ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков ИИМдин борбордук аппаратынын өздүк курамына ички иштер министринин жаңы орун басары, милициянын полковниги Абдиев Нурбек Такабаевичти тааныштырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Абдиев Нурбек Такабаевич 1968-жылы 4-августта туулган. Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган. Ички иштер органдарында 1999-жылдан бери кызмат өтөйт. Ички иштер органдарындагы кызматын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүндө кылмыш иликтөөнүн ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү катары баштаган.

Кыргыз Республикасынын ИИОдо кызмат өтөө учурунда «Эрдик» мамлекеттик медалы жана түзүмдүк сыйлыктар менен сыйланган.