Ажо менен көл жээкте жылаңач сүрөткө түшкөн Нурбек Калмурзаев: «Мен шайлоодо Жапаровдун фондуна 6,6 миллион сом которгонум чын»

19-июлда президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуучулар менен сүрөткө түшүп жаткандагы видеосу тараган. Ошол эле учурда өлкө башчы менен сүрөткө түшкөн жарандын сүрөтү жарыяланды. Кийинчерээк анын Нурбек Калмурзаев экендиги белгилүү болгон.

Ал эми бүгүн Factcheck.kg Садыр Жапаров менен көл жээгинде Нурбек Калмурзаев аттуу ишкер жана анын жубайы Назиза Тентиева сүрөткө түшкөнүн, ал президенттик шайлоодо Жапаровдун эң ири демөөрчүсү болгонун, Калмурзаев Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна – 6,6 миллион сом которгонун жазып чыкты.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул маалыматтын чын-бышыгын билүү үчүн Нурбек Калмурзаевдин өзү менен байланышты. Анын айтымында, ал шайлоо фондуна чындап эле ири суммадагы акча которгон.

«Ооба мен ири суммадагы акча которгом, андан танбайм. Мен аны чын жүрөгүмдөн которгом. Анын аркасы менен саясатка барам деген оюм да жок. Садыр Жапаров менен мамилем деле жок. Ал президенттикке аттанып жатканда чындап колдогом. Анткени Садыр Жапаровдун колдоочулары акчасы жок эле чогулуп жатышты. Менден башка чын жүрөгүнөн акча бергендер деле болгон. Чындап колдогондор 10-15 миңден которушкан. Мен 10 жылдай Москвада иштеп келип, өлкөдө ишкерлик менен алектенем. Башка жерде жүргөндө, Кыргызстандын президенттери жөнүндө көп сын уктум. Ал эми  Жапаровду чындап колдодум. Жолугушууларга калбай барып жаттым. Демөөрчү болгонумду жарнама кылган жокмун. Эми минтип билип алдыңар«,- деди ал.