Нурбек Сатаров президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Сатаров Нурбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Ал 2023-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын мартына чейин Нарын облусунун башчысынын орун басары болгон, ага чейин Ат-Башы районун акими, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри да болуп иштеген.