Бүгүн, 5-августа Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына карата аткарылган иштер боюнча маалымат берди.
Маалымат боюнча, Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментине 2024-жылы 522 курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө социалдык объекттеринин Тизмеси бекитилип, 6 миллиард сомдон ашык акча каражаты каралган.
1-июлга карата жалпы республика боюнча 33 социалдык объекттин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөөсү бүткөрүлдү.
Учурда 190 объекттин долборлоо жана 300гө жакын объекттерде курулуш жана оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлүүдө.