Нурдан Орунтаев: “Жарым жыл ичинде 33 социалдык объект бүткөрүлдү”

Бүгүн, 5-августа Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына карата аткарылган иштер боюнча маалымат берди.

Маалымат боюнча, Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментине 2024-жылы 522 курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө социалдык объекттеринин Тизмеси бекитилип, 6 миллиард сомдон ашык акча каражаты каралган.

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата жалпы республика боюнча 33 социалдык объекттин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөөсү бүткөрүлдү.

Белгилей кетсек, учурда 190 объекттин долборлоо жана 300гө жакын объекттерде курулуш жана ондоп-түзөө жумуштары жүргүзүлүүдө.