Нурдан Орунтаев «мэр болгуңуз келбейби» деген суроого жооп берди

«Бул суроолор мен үчүн эмес», — деп жооп берген Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев мэр Эмилбек Абдыкадыровдун пенсия курагына байланыштуу журналисттердин суроосуна. 

Орунтаев «журналисттердин мэр болгуңуз келбейби?» деген суроосуна «Бул мен чече турган маселе эмес. Бүгүн бизде Бишкектин мэри бар, биз анын буйругуна баш ийип, кызматтык милдеттерибизди так аткарууга милдеттүүбүз” деп жооп берди.

Эмилбек Абдыкадыров борбор калаанын мэрлигине 2022-жылдын февраль айында дайындалган. Ал 65 жашта.