Нуржан Шайлдабекова Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп дайындалды

БШКнын мурдагы төрайымы Нуржан Шайлдабекова Кыргызстандын Австриядагы элчиси жана ишин айкалыштыруу менен ЕККУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.