Нуржан Тентимишова: «Чыныбай Турсунбеков атындагы поэзия фестивалы максатына жетти»

Ысык-Көл жээгинде өтүп жаткан Чыныбай Турсунбеков атындагы поэзия фестивалынын 3-күнү өттү. Анда 70тен ашуун акындын ичинен тандалып алынган 6 финалисттин мыктысы аныкталды. Гран-при 4 баланын апасы акын Сайра Батыркуловага буюрду. Чыныбай Турсунбековдун жубайы быйылкы фестиваль максатына жеткенин айтты.

«Байкап көрсөм фестивалыбыздын деңгээли жылдан жылга көтөрүлүп бара жатат. Бул жылы катышууга Кыргызстандын булуң-бурчунан залкар акындарыбыз келишти. Дагы бир өзгөчөлүгү жаш акындар топ түзүп, кечки программаны өзүлөрү өткөрдү. Иш-чарага келгендер мага келип «Сонун өттү» деп жатышты. Мен ойлойм, фестиваль өз максатына жетти. Биз бул жылы 4-жеңүүчүбүздү аныктадык. Кийинки жылы фестивалдын 5 жылдыгын белгилейбиз. Алдыда пландар көп», — деди Нуржан Тентимишова.