Нуржигит Кадырбеков: «Акжол, Мээрим, Жоламан, Айпери, Амантур, Мунарбек — баары кичипейил адамдар»

Экс-депутат Нуржигит Кадырбеков социалдык тармактагы баракчасына Олипиада оюндарында коло медаль жеңген Жоламан Шаршенбеков менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, пост жазды.

«Руханий тазалыгы жана көрөңгөсү болбогон адам тигил же бул тармакта ийгиликке жетиши кыйын. Мен муну далай мыкты, чыгаан инсандардын баскан жолуна, тагдыр-таржымалына дыкат баам салып жүрүп байкадым. Илимде же чыгармачылыкта, ишкердикте же спортто бийик чокуларды багынткандардын пейил-мүнөзү, дүйнө таанымы, жан дүйнөсү өзгөчө келет. Маселен, Кусейин Карасаев такыр сөгүнбөгөн дешет. Айтматовдун башынан ылдый ылай чуурутсаң да унчугуп, теригип, теңелбеген көтөрүмдүүлүгүн, сабырдуулугун суктанып эскеришет тааныгандар. Мухаммед Алинин өмүр, акырет, ийгилик, жашоо маңызы тууралуу айтканын тыңдасаң дилиң тазарып, көңүлүң көшүлөт. Табылды Эгембердиевдин жазган дил баяндары, эскермелери, айткан ой-толгоолору демиңе дем кошуп, ийгилик шатысынын тепкичтери аркылуу өрдөй кадам таштоого өбөлгө. Биз менен замандаш эң таанымал спорт чеберлеринин көбү менен таанышып, баарлаштым. Акжол, Мээрим, Жоламан, Айпери, Амантур, Мунарбек — баары кичипейил, адамгерчиликтүү, адеп тарбиясына сугарылган.

Жаратканга жакын. Улуунун урматын, кичүүнүн ызатын жайына коюшат. Сөздөрү жугумдуу. Ошого жараша жүздөрү нурданып, амалдары ажарланганы байкалат. Жараткан ийгилик ыроолош үчүн бул уул-кыздарыбызды тандап алганынын башкы себеби, балким, ушундабы деп ойлоп кетем. Болбосо, маңдай терин көлдөтүп, тынбай машыккандар азбы? Бүгүн Жоламан менен кезигип калдык. Кечки намаздан чыгып баратыптыр. Амандаштык, саламдаштык. Кыска-нуска баарлаштык. Олимп медалын жеңүүгө караганда да атак-абройдун зилдей оор салмагын менсинбей зыңкыя көтөрүүгө көбүрөөк күч керек. Көз тийбесин, ошондой кубат Жоламанда бар. Хаким устаттын күрөш чеберчилигинен да ыйман касиеттери көбүрөөк өткөндөй көрүнөт. Дубамдасың, баатыр иним. Элиңе эңсеген алтынын алып келип бер. Багың, жолуң ачылсын. Алла Таалам алдыңдан жакшылык эшиктерин ачып, суук назардан, көралбастардын зыянынан сактасын. Ыйманыңдын шооласы жаркырай берсин», — деп жазды ал.