Депутат Кадырбеков: «Чыныгы эс алуу — бул эрте жатып, эрте ойгонуу»

«Эс алууну — бутту сунуп, колду жайып жатып каалаганча уктоо деп түшүнгөндөр бар. Кадырыңар жан болсун, бирок бул — таптакыр туура эмес ой. Көп уйку — ден-соолуктун, ыймандын, сулуулуктун душманы». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадыров соцтармактагы баракчасына жазып, таң эрте көл жээгинде балдарды машыктырып жаткан машыктыруучунун видеосун бөлүштү.

«Ийгиликке каршы коюлган эң чоң тоскоолдук. Күндүн чыкканы менен батканын, түндүн киргени менен таңдын атканын эрөөн-төрөөн албай, айтор, убакыт мерчеминен кабарсыз уктай берген жан өзгөгө эмес, өзүнө да жакпайт. Уйкуну чектей билүү менен гана эсепсиз жакшылыктарга жол ачууга болот. Андыктан, каалашыңча эмес, керегинче укта. Уктаар алдында денеңди, оюңду, жүрөгүңдү тазалап, анан жаздыкка баш кой… Демек, чыныгы эс алуу деген — бул эрте жатып, эрте ойгонуу. Таңдагы таза абада сейилдеп, дене көнүгүүлөрүн жасоо. Көздү, кулакты — жамандан, алкымды — арамдан сактоо. Рухту тазарткан, жүрөктү эс алдырган — ибадат менен алектенүү. Акылды алкынтып, ойду талпынтып китеп окуу, билимди тереңдетүү. Таттуу сөз айтып, жылуу сөз эшитүү. Жакшыга — жанашуу, жамандан — адашуу.

Ошондуктан, балдарды талтаңдатып оюна койбой, тартип менен жашоого жашынан тарбиялоо абзел. Эмил мырза ушуну мыкты түшүнөт белем, балдарына жашынан багыт көрсөтүп, туура жол тандаганга жардам бергенин байкадым. Көл жээгинде эс алып жүрүп да, кичинекейлерди эртелеп ойготуп, суу бойлой чуркатып, дене көнүгүүлөрүн жасатат экен. Бала балким, азыр мындай жадыбалдын береке-шарапатын түшүнбөйт. Бирок кези келгенде ошону түзүп берип, аткарууга мажбурлаганы үчүн ата-энеге чексиз ыраазы болот. Таң — ырыскы нуру жааган учур. Тартип, режим, мерчемделген аракет гана ошол ырыскыдан мол шыбага алууңа себеп. Азаматсың, Эмил. Ушунуңдан өзгөлөр да өрнөк алгай эле, ылайым», — деп жазды ал.