Нуржигит Кадырбеков: «Май майрамдарында үй-бүлөмө көңүл бөлөйүн дегем, бирок шайлоочуларым менен болом»

Кыргызстанда 1-майдан 10-майга чейин эс алуу күндөрү болуп жарыяланган. Буга байланыштуу депутаттарга «Май майрамдарында эмне менен алек болосуз? Чет тилде кандай оригиналдуу куттуктоо айта аласыз?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Нуржигит Кадырбековдун айтымында, ал үй-бүлөсү менен болууну көздөгөн, бирок баары бир шайлоочулары менен жолугат. «План боюнча 1-майда Жалал-Абад облусунун Достук айылында болушум керек. Иши кылып элди аралайм. Күнөө кылбаган, бирөөнүн көңүлүн көтөргөн күн майрам да. Ушул күндөрү үй-бүлөмө көңүл бөлөйүн дегем, бирок шайлоочуларым менен болом»,— деди ал.