Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

Жогорку Кеңештеги «Ыйман Нуру» фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине БШКдан тастыкташты.

Депутат Кадырбеков мандатын өз каалоосу менен тапшыруу боюнча арызды бүгүн, 30-августта жазган.

Нуржигит Кадырбеков 22-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке сурак берип чыккан. Быйыл 22-июлда Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматы “Ыйман” фондунун ишмердигин текшерүүнү баштап, бир аптадан соң жыйынтыгын жарыялаган. Аталган документте “Ыйман” фондун текшерүүгө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 18-июлдагы каты негиз болгону жазылат. Аудиттин маалыматына караганда, “Ыйман” фондуна 2014-2015-жылдары 5 миллион 104 миң 524 доллар түшкөн. Мындан тышкары 2014-2018-жылдары фонддун эсеби 24 миллион 866 миң 512 сомго толукталган. Бул акчаны ар кандай фонддор, жеке жактар которгон. Ички аудиттин корутундусунда жогоруда көрсөтүлгөн сумма боюнча бухгалтердик отчеттун, айрым керектүү документтердин такыр эле жоктугу айтылат.

9-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ыйман” фондунун мурдагы эсепчиси Индира Ашированы эки айга камакка алган.