Нуржигит Кадырбековдун депутаттык мандаты кимге тапшырылды?

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 30-августтагы жыйынында Жогорку Кеңештин «Ыйман Нуру» фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Бош калган депутаттык мандаты “Ыйман нуру” партиясынан тизме боюнча кийинки талапкер Эрнис Айдаралиевге өттү. Ага күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Парламенттин жаңы депутаты 39 жашта. Ал Ош облусунун Алай районунда туулган. Жусуп Баласагын атындагы КУУну юриспруденция адистиги боюнча, ошондой эле КГУСТАны экономист адистигин аяктаган.