Нурлан Насип, Арсен, Асема… Кайсы атактуулардын балдары 1-класска барышты?

Бүгүн, 1-сентябрда өлкөнүн бардык жалпы билим берүү уюмдарында биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кайсы атактуунун баласы мектеп босогосун аттаганын чогултуп чыкты.

Ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын кызы Дария мектеп босогосун аттады. «Бүгүнкү кубанычтуу күнүбүз менен бөлүшкүбүз келди. Кызыбыз биринчи класстын босогосун аттады»,- деп жазды ырчы айым.

Ырчы Гүлжигит Калыковдун кызы да 1-класска барды.

Ырчы Арсендин кызы да мектеп босогосун аттады. Бул тууралуу анын жубайы жазып, куттуктоолорду кабыл ала турганын билдирди.

Активист Канышай Рысбекованын уулу Нурмухаммед биринчи класска барды. «Бүгүн уулум Нурмухаммед мектеп босогосун аттады. Убакыт учкан куш, ушунчалык тез өттү. Кечээ эле ымыркайды колума алгандай болдум эле», — деп жазды ал.

“Жебе” тобунун мурдагы солисти, ырчы Самат Муратбековдун кызы да мектепке барды.

Ырчылар Кайрат Примбердиев менен Эля Бегалиеванын уулу да мектеп босогосун аттады. «Кичүү уулум Бекболум 1-класска барды. Келечегиң кең болсун уулум», — деп жазды ырчы мырза.

Актёр Нурсултан Курсанали уулунун уулу Алим да мектеп босогосун аттагандардын катарында. «Биз мектеп окуучусунун ата-энесибиз», — деп жазды ал.

Ырчы, актриса Асеманын уулу да мектепке барды.

Ырчы Добрдын кызы мектеп коңгуроосун кагып, 1-класска барды.

Ырчы Айнура Салахидинова да кызы мектепке барганын, толкунданганын жазды. «Бүгүн Айкена кызым мектеп босогосун аттады. Аябай толкундандым, ыйладым! Кызым биринчи коңгуроону какты», — деп жазды ал.

Ырчы Айпери Кубик кызынын уулу Раян да мектепке барды.

Алып баруучу Мирзат Муканов менен Айзуура Иманалиеванын кызы да катарды толуктады. «Бүгүн сиздердин сары кыз 1-класска барды. Билим жолуңар байсалдуу болсун, биздин кичинекейлер! Атасы экөөбүз кайрадан толкундадык», — деп жазды ал.

 

Актёр Жеңиш Майрамбек уулунун уулу Алим мектеп босогосун аттады.

Таймурас Ташиевдин уулу, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин небереси да мектеп босогосун аттады. Бул тууралуу модель Эркеайым Абдуллаева жазды.

Актёр Кубаныч Курманбековдун уулу да 1-класска аттанды.