«Нурлан Насиптин бакырайган көздөрү жагып, сүрөттөрүн телефондон жакындатып карачумун» дейт сурма жасаткан жигит

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда “Нурлан Насипке окшошкум келип, көзүмө сурма жасаттым, бирок окшошпой калдым” деген жигиттин видеосу тарап, интернет колдонуучуулардын кызуу талкуусуна түшкөн. SUPERTV телеканалы дал ошол талкууга түшкөн Арго Кибраев менен маек куруп, эмне үчүн жүзүнө операция жасаткандыгын сурадык.

 “Ооба, көзүмө сурма жасаткам, бирок ал эки жыл мурунку видео болчу. Досторум менин видеомду кече жакында кайра интернетке жүктөп коюшуптур. Анан ал видеону ырчы Нурлан Насип да баракчасына жүктөп, элге тарап кетиптир. Мен Нурлан байкеге чалып өчүртүрдүм. Эмне үчүн жасаткандыгыма келсек, чындыгында 2 жыл мурун ырчы Нурлан Насипке окшошкум келчү, анын көздөрүнүн бакырайып тургандыгы жакчу. Телефондон сүрттөрүн жакындатып карап, “ушундай көзүм болсо” дечүмүн. Андан сырткары теңтуштарым “сен асман менен жерди көрбөсөң керек, сага адамдын курсагы гана көрүнөт болуш керек” деп шылдыңдап калышчу. Ал сөздөр мага катуу тийчү. Акыры 300-400 миң сомго жүзүмө операция жасаттым. Акчаны ата-энем, туугандарым беришти. Өзгөргөндөн кийин өзүмдү “уверенный” сезип калдым”- деди ал.

SUPERTVнын эксклюзивдүү маегин бул жерден көрүңүз: