Нурлан Сабуровдун Орусияда кармалганы айтылууда

Казакстандык куудул Нурлан Сабуров Москванын Шереметьево аэропортунда кармалганын Tengri Life жазды. 

Маалыматка караганда, ал миграция мыйзамдарын бузган. Ага 5 миң рубль айып салынган. 

Сабуров белгиленген мөөнөттө өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш. Бирок кайра кирүүгө тыюу салынган эмес. Анын менеджери журналисттерге комментарий берүүдөн баш тарткан.