Нурлан Сулаймановдун жүзү жашырылган сүрөт талкуу жаратууда

15-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде кеңешме өткөргөн. Анда издөөгө алынган экс-министр Нурлан Сулаймановдун отурганын көрүүгө болот. Кызыгы, Министрлер кабинетинин сайтына жүктөлгөн сүрөттө анын жүзүн жымсалдатып коюшканын байкоого болот. Учурда бул көрүнүш социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынууда.

Нурлан Сулайманов транспорт жана байланыш министри болуп турган убагында мамлекетке 41 миллион 220 миң сом зыян келтирген деп айыпталган.