Нурланбек Шакиев айыл чарба жарманкесине барды

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамына карата өткөрүлгөн иш-чараларга катышты. Майрамдын алкагында “АгроТехЭкспо-2023” агроөнөржай көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба азыктарынын жарманкеси өттү.
“Калкыбыздын жашоо-турмушу айыл чарбасына тыгыз байланышкан. Себеби, элибиздин дээрлик 65 пайыздан ашыгы элет жеринде жашап, дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенет. Андыктан, айыл чарба тармагын заманбап шартта өнүктүрүү мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат”, – деди төрага. Муну менен катар аталган тармакта кемчиликтер менен катар жетишкендиктер да бар экенин айткан Шакиев: “Акыркы жылдары агроөнөр жай тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, көптөгөн каражаттар бөлүнүүдө. Айрыкча жаңы жерлерди өздөштүрүүгө жана сугат суу менен камсыздоого багытталган долбоорлор ишке ашырылууда”, – деди.
Ошондой эле мамлекеттин өнүгүшү улуттун саламаттыгына көз каранды экенин белгилеп: “Буга байланыштуу таза экологиялык азыктарды өндүрүүгө жана ветеринардык абалды жөнгө салууга басым жасашыбыз керек”, – деп кошумчалады төрага.
“Кыргызстандан экспорттолгон айыл чарба продукцияларынын суммасы былтыр 38 миллиард сомду түзгөн экен. Бул көрсөткүч быйыл дагы жогорулайт деген ишеничтемин. Анткени, 2023-жылы айыл чарба министрлигине 11,7 миллиард сом бөлүнгөн. Каралган каражат сарамжалдуу пайдаланылса, бир топ ийгиликке жетишүүгө болот. Тилекке каршы, агрардык өлкө экенибизге карабай эт азыктары менен Кыргызстан өзүн 65 пайыз гана камсыздайт. Андыктан, азык түлүк менен өзүбүздү өзүбүз толук камсыздоого багытталган иш аракетти улантышыбыз зарыл. Айрыкча ири чарбаларды, кооперативдерди түзүп, өндүрүштүн сапатын өстүрүүгө аракет кылуубуз кажет”, – деди Шакиев.
Андан соң төрага агроөнөр жай тармагында үзүрлүү эмгектенген адистерге Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын тапшырды. Мындан сырткары, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тиешелүү жетекчилер менен бирге “АгроТехЭкспо-2023” агроөнөржай көргөзмөсүн жана “Алтын күз” айыл чарба азыктарынын жарманкесин көрүп чыкты.