Нурланбек Шакиев белгилүү калемгер Нурланбек Калыбековдун 50 жылдык маарекесине арналган иш-чарага катышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, белгилүү калемгер Нурланбек Калыбековдун 50 жылдык маарекесине арналган иш-чарага катышты. Салтанатта мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган жетекчилер, маданият өкүлдөрү, калемгерлер, журналисттер жана окурмандар болду.

Маареке ээсин куттуктап, сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин төрагасы: Нурланбек Калыбеков мектепте окуп жүргөндө эле поэзия дүйнөсүнө аралашып, мыкты эмгектерди жараткан. Жазган ырлары адабий гезит-журналдарга басылып чыгып, телеберүүлөрдө көрсөтүлүп турган. Мына ошол жаш калемгер азыр атактуу акынга айланып, кыргыз поэзиясынын залкары катары таанылды. Ошондой эле котормочулук жаатында да жигердүү иш алып барып, чет тилдеги калемгерлердин эмгектерин кыргыз тилине которууга жетишти”, – деди. Андан тышкары, жаш акын-жазуучуларга акыл-кеңешин айтып, устаттык кылып келе жатканын баса белгилеген Нурланбек Шакиев: “Окутуучулук менен алектенип, университеттеги студенттерге да билим бергенин баарыбыз билебиз. Андыктан Нурланбек Калыбеков таланттуу акын эле эмес, дайыма изденип, эмгектенген адискөй агартуучу десек жаңылышпайбыз”, – деп кошумчалады.

Муну менен катар алп калемгерлердин ордосуна айланган Улуттук жазуучулар союзу заманбап шартта өнүгүшү керектигин да белгилей кеткен Нурланбек Шакиев: Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков өңдүү залкарлардын учугу уланып, жазуучулар бирикмеси мыкты калемгерлер менен толукталып турушу керек. Ал эми мамлекет тарабынан чыгармачыл инсандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, кийинки жылы Улуттук жазуучулар союзу баштаган бир катар чыгармачылык бирикмелердин ишин жакшыртууга багытталган жардамдар берилет”, – деди.

Нурланбек Калыбеков көптөгөн ыр китептеринин автору жана орус, казак жазуучуларынын эмгектерин кыргызчалаган котормочу катары белгилүү. Мындан сырткары, Кыргыз жаштар поэзиясынын жана прозасынын антологияларын түзгөн.