Нурланбек Шакиев: «Эч бир бала ата-энесинен ажырап, кароосуз калбашы керек»

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кыргызстандыктарды куттуктады.
«Бул майрам бөбөктөр үчүн эле эмес, жалпы адамзат үчүн өтө маанилүү. Анткени, баарыбыз балалык деген бактылуу куракты башыбыздан өткөрүп, аны дайым кубаныч менен эскеребиз. Бала кездеги кыялдарыбыз келечегибизге жол чырак болуп, дайыма коштоп жүрөт. Бардык турмуш балалыктан башталып, ал куракта алынган тарбия-таалим, айтылган бата-тилектер кийинки тагдырыбызга пайдубал болуп берет. Андыктан балдарыбызды мээримге бөлөп, жакшы тарбия берүү ар бир ата-эненин, жалпы коомдун ыйык милдети.

Балдардын көйгөйүнө көңүл буруу керектигин, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү бөбөктөргө жана кароосуз калган наристелерге көмөк көрсөтүү зарылчылыгын эске салган бул эл аралык күн 1950-жылдан бери белгиленип келет. Жылдан-жылга бул күндүн мааниси артып, жаңы чакырыктар менен толукталууда. Анткени, дүйнө өзгөргөн сайын жаңы баалуулуктарга жана шарттарга ылайык балдарга тарбия берүү маселеси жаралууда. Айрыкча өлкөбүздөгү ички-тышкы миграциялык агым балдардын турмушуна залакасын тийгизип жатканы жашыруун эмес. Ага ылайык, аталган көйгөйдү чечүү мамлекеттик саясатыбыздагы артыкчылыктуу маселе. Эч бир бала ата-энесинен ажырап, кароосуз калбашы керек», — деп жазылат спикердин куттуктоосунда.