4-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында социалдык чөйрөнү өнүктүрүү маселелери боюнча Министрлер кабинети маалымат берди. Жыйында бир катар маселелер көтөрүлүп, айрыкча депутаттар аймактардагы көйгөйлөргө токтолушту.
Төрага Нурланбек Шакиев элет жеринде дарыгерлердин жетишсиздиги олуттуу маселе экенин белгилеп, жаш кадрлар келбегендиктен пенсиядагы адистер айла жоктон иштеп жатканын сөз кылды. Андыктан Министрлер кабинетин саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурууга чакырган төрага айылда иштеген дарыгерлердин айлыгын эселеп көтөрүү менен кадр жетишсиздигин чечүүгө болорун кошумчалады.
Муну менен катар билим берүү тармагын да реформалар, бала бакча менен мектептерди өзүнчө, ал эми жогорку окуу жайлары менен илим изилдөө тармагын өзүнчө тейлеген эки министрлик түзүү зарыл экенине токтолду.