Нурланбек Шакиев иш сапарын Өзгөн районунда улантты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ош облусундагы иш сапарын Өзгөн районунда улантты. Тагыраагы, төрага Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолунун курулушу менен таанышты.
Азыркы тапта Бишкек-Ош жолу менен каттаган унаалар Өзгөн шаары аркылуу өткөндүктөн, калаада тыгын пайда болуп, тургундарга жана жолоочуларга ыңгайсыздык жараткан учурлар арбын. Ага ылайык, Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолду куруу долбоору иштелип чыккан. Тиешелүү жумуштар ушул жылдын алгачкы айларында башталып, ага мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде 29,4 миллион доллар акча каражаты каралган. Курулуштун координатору Нурлан Сулайманов белгилегендей, 13 чакырымдан ашуун узундуктагы жолдун туурасы 22 метрди түзүп, төрт тилке болуп жасалат. Долбоорго ылайык, Жазы дарыясында 77 метр жана Кара-Дарыя дарыясында 197 метр болгон эки чоң көпүрө курулат. Мындан тышкары, дарыянын нугу өзгөртүлүп, миң гектардай жер бошотулат. Ал жер дыйканчылыкка пайдаланууга берилет. Муну менен катар мал айдап өтүү үчүн жана ички айылдардын каттамы үчүн жалпы 50гө жакын жолдун астынан өтүүчү атайын заманбап өтмөктөр жасалат. Кошумчалай кетсек, курулушка 300 жумушчу жана 92 даана жол куруу техникалары тартылган. Жыл аягына чейин жолду салуу иштери бүткөрүлөт.
Нурланбек Шакиев Өзгөн айланма жолу стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп: “Жол бул коопсуз жана ыңгайлуу каттамды гана камсыздабастан, өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Ошондон улам акыркы жылдары республика боюнча жолдорду курууга өзгөчө көңүл бурулуп, көптөгөн долбоорлор ишке ашырылууда. Айрыкча заманбап ыкмалар пайдаланылып, жаңы технологиялар аркылуу жасалып жаткандыгы кубандырат. Анын ичинен Өзгөн айланма жолу бүткөрүлсө, шаардагы тыгын азайып, жүргүнчүлөргө да ыңгайлуу шарт түзүлөт”, – деди. Ошондой эле төрага жергиликтүү бийликти жол курууга керектүү жерлерди трансформациялоо маселелерин ыкчам чечип берүүгө чакырды.
“Мамлекеттик жана жеке өнөктөштүн негизинде мындай тажрыйбаны дагы улантып, Кыргызстандын башка аймактарында да жаңы жолдор салынышы шарт”, – деди Нурланбек Шакиев.