Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо добуш берди

Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча парламент депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өнөктүгүнө катышты.
Тагыраагы, төрага Бишкек шаарындагы №95 мектепте ачылган №1063 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Элдин эркин тандоосу баардыгынан маанилүү экенин айткан Нурланбек Шакиев добуш берүү өнөктүгү ачык-айкын, мыйзам талаптарына ылайык өтүшү керектигин белгиледи.
«Ленин району борбор калаадагы негизги аймактардын бири. Андыктан жергиликтүү элдин таламын талашып, райондун эле эмес, жалпы Кыргызстандын өнүгүшү үчүн талыкпай иштей турган талапкер тандаларына терең ишенем», — деди төрага.