Нурланбек Шакиев Казакстандагы олимпиадада жеңишке жеткен окуучуларды кабыл алды

Кечээ, 5-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 8-13-январь күндөрү Алматы шаарында өткөн XX эл аралык Жаутыков олимпиадасында жеңишке жетишкен окуучуларды жана алардын мугалимдерин кабыл алды.

Алгач төрага былтыр да аталган олимпиаданын жеңүүчүлөрүн кабыл алып, сыйлыктарды тапшырганын эске салып: “Быйыл да биздин окуучулар эл аралык мелдеште ийгилик жаратканы чоң сыймык. Бул жеңиштер башка балдарды да шыктандырып, окуучуларыбыздын олимпиадаларда байгелүү орундарды багынтуусуна түрткү берет”, – деди. Муну менен катар билим берүү тармагында жасалып жаткан реформаларга токтолуп: “Билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган бардык реформаларды жана долбоорлорду колдойбуз” ,– деди Нурланбек Шакиев.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, агартуучулар олимпиадага катышуу үчүн керектүү каржыны табуу кыйынчылык жаратарын, бардык чыгымды окуучулардын ата-энелери жана айрым демөөрчүлөр көтөрүп келе жатканын белгилешти. Төрага аталган маселеге олуттуу көңүл буруп, кийинки жылдан тарта Жаутыков (IZHO) олимпиадасына катышууну каалаган окуучуларга Жогорку Кеңештин атынан каржылык колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. Ошондой эле ийгилик жараткан окуучулар арасында дүйнөнүн алдыңкы университеттерине тапшырууну каалагандар болсо, төраганын резервдик фондунан керектүү жардамдар берилерин кошумчалады.

Мындан тышкары, олимпиадага окуучуларды даярдаган мугалимдердин тажрыйбасын башка мектептерге, айрыкча аймактардагы билим берүү мекемелерине жайылтуу зарылчылыгын белгилеген төрага: “Күчтүү аймак – күчтүү өлкө. Буга байланыштуу аймактарды да өнүктүрүү үчүн ал жактагы билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө көңүл бурушубуз керек”, – деди.