Нурланбек Шакиев кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Орусиядагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөдөгү кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда кыргызстандыктардын укуктук абалына байланышкан маселелер талкууланып, миграция жаатындагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү.

Суроо-жооп иретинде өткөн баарлашууда каттоого туруу, төрөлгөн балдарга документ алуу, милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өтүү, ар кандай себептер менен абакка түшүп калгандарды мекенине экстрадициялоо, каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү жана айрым маркумдарды Орусияда жерге берүү үчүн атайын жай бөлүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу маселелери айтылды.

Эмгек мигранттарынын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы өтө чоң экенин белгилеген төрага: “Акыркы жылдары мамлекетибизде маанилүү реформалар жүрүп, өнүгүүгө багытталган олуттуу кадамдар жасалды. Маяналар көтөрүлүп, калктын социалдык турмушун жакшыртуу жаатында ири долбоорлор ишке ашырылууда. Буйруса, көптөгөн жумушчу орундары түзүлүп, эмгек мигранттарыбыз да өз мекенине кайтчу күн алыс эмес”, – деди.