Нурланбек Шакиев мектепке чейинки билим берүү мекемесине барып, компьютер тапшырды

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы № 48 атайын мектепке чейинки билим берүү мекемесине барды. Ал Жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө бөбөктөр менен жолугуп жатканына кубанганын айтып, жамаатты жана балдарды майрамы менен куттуктады.

«Жаңы жылдын алдында билим берүү мекемесинин атынан кайрылуу түшүп, компьютерге муктаждык бар экени айтылган. Кайрылууга кайдыгер карабай, бөбөктөргө зарыл болгон заманбап компьютерлерди алып келдик. Бул жерде тарбияланып жаткан балдарга кам көрүү баарыбыздын милдетибиз. Бүгүнкү берилген белек, келечекке жасалган инвестиция экени талашсыз чындык», — деди Шакиев.

Төраганы депутат Шайлообек Атазов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров баштаган жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрдү.