Нурланбек Шакиев Минск шаарындагы «Жеңиш» монументине гүлчамбар койду

Кечээ, 4-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Беларусь Республикасындагы расмий иш сапары Минск шаарындагы «Жеңиш» монументине гүлчамбар коюу менен башталды.

Аземдин жүрүшүндө эки мамлекеттин гимндери жаңырып, Нурланбек Шакиев Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди.

Делегациянын курамында депутаттар Медербек Саккараев, Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов жана Арсланбек Малиев бар.