Шакиев: «Бизде да 4-класска чейин бир гана кыргыз тилинде окутуу керек»

«Казакстанда 1-класстан 4-класска чейинки окуучуларга сабак казак тилинде гана өтөт. Биз ушундай нерсеге барышыбыз керек». Бул тууралуу Жогору Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев билдирди.

«Эгер тилди өнүктүрөлү десек, бала бакчадан, башталгыч класстарда тил калыптанат. Андан кийин ар кандай шылтоо болот. Бардык мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин билиши керек», — деди ал.