Бүгүн, 17-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында беш депутаттык топ түзүлүп, Жогорку Кеңештин төрагасы жашыруун добуш берүү менен шайланды.
Нурланбек Тургунбек уулунун талапкерлигине 84 депутат макул болуп, үчөө каршы чыкты. Ошентип, Нурланбек Тургунбек уулу төрага болуп шайланды.












