Нью-Йорктун мэри кыргыз чапанын кийип чыкты (сүрөт)

Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс балдарды коргоо иш-чарасына кыргызстандык Chapansar брендинин чапанын кийип барды. Чапандар Жумагүл Сариеванын дизайнердик студиясында тигилет. Сүрөттөр мэрдин баракчасына жарыяланды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, мэрге чапанды кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү белек кылган.