Обладминистрация Камчы Көлбаевдин Баткенге келгенин төгүндөдү

Баткен облусунун башчысынын басма сөз кызматы буга чейин соцтармактарда тарап жаткан «жергиликтүү администрациянын имаратына Камчы Көлбаев келди» деген маалыматты төгүндөдү.

Анын айтымында, бир нече сааттан бери обладминистрацияда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бар. Ал жергиликтүү калк менен жолугуп, сүйлөшүү иштерин жүргүзүүдө.

«Балким алар Ташиевди Көлбаев менен алмаштырып алышса керек. Көлбаев бул жакка келген жок, Өмүрбек Суваналиев менен жолуккан жок», — дешти басма сөз кызматынан.