Облустарда мектеп директорлорун тандоонун графиктери өзгөрдү

Билим берүү жана илим министрлиги Ош, Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүүнүн графиктери өзгөргөнүн маалымдады.

Жаңы график боюнча тестирлөө төмөндөгү күндөрү өтөт:
• Ош облусу – 13-август;
• Чүй, Талас облусу – 17-август;
• Нарын, Ысык-Көл облусу – 20-август.

Белгилей кетсек, 11-августта Баткен жана Жалал-Абад облусунда мектеп директорлорунун бош кызмат ордуна талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн өткөн.