Өгөй атасы көгала кылып сабаган баладан апасы баш тартты

Өгөй атасы тарабынан сабалган алты жаштагы баладан апасы баш тартты. Бул тууралуу баланын жактоочу журналисттерге билдирди.

“Баланын апасы андан баш тартып, таенесине өткөрүп берди. Мындан ары расмий түрдө ата-энеси болуп баланын таенеси эсептелет. Балага коркунуч жок. Кайдыгер эмес адамдар ага келип, азык-түлүк, оюнчук жана башка белек-бечкектерди берип жатышат. Баарына ыраазычылык билдиребиз” деген жактоочу Шердор Абдыкапаров.

23-ноябрда социалдык тармактарга денеси көгала болуп, көзүнө кан уюган жана бети шишип кеткен алты жаштагы баланын сүрөттөрү тараган. Сабоого шектелип баланын өгөй атасы кармалган, кийин аны сот эч жакка кетпөө тил катынын негизинде үйүнө чыгарган. Баланын апасы доом жок деп тосмо арыз жазып бергени маалым. Ага карабай, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин адистери өгөй ата менен соттошорун билдиришкен.