Өгөй атасы сабаган бала таенесинин камкордугуна убактылуу гана берилген

Өгөй атасы тарабынан сабалган бала таенесинин камкордугуна убактылуу гана берилген. Баланын апасы андан баш тарткан жок. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Адвокат Шердор Абдыкапаров SUPERTV.KG сайтына баланы таенесине толугу менен кароого өткөрүп  берүү үчүн тийиштүү документтердин баары даяр экендиги, болгону баланын апасы тарабынан кол коюу калганын айтты. Ушул эле маалыматты баланын таенеси SUPERTV.KG сайтына ырастады.

23-ноябрда социалдык тармактарга денеси көгала болуп, көзүнө кан уюган жана бети шишип кеткен алты жаштагы баланын сүрөттөрү тараган. Сабоого шектелип баланын өгөй атасы кармалган, кийин аны сот эч жакка кетпөө тил катынын негизинде үйүнө чыгарган. Баланын апасы доом жок деп тосмо арыз жазып бергени маалым. Ага карабай, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин адистери өгөй ата менен соттошорун билдиришкен.