Өгөй атасы тарабынан сабалган Рамазан: «Апам келбесин, таенем менен эле жашайм»

23-ноябрда социалдык тармактарга денеси көгала болуп, көзүнө кан уюган жана бети шишип кеткен алты жаштагы баланын сүрөттөрү тараган. Аны өгөй атасы сабаганы, ал эми апасы тогуз айлык кош бойлуу экени айтылган. Окуянын өзү 18-ноябрга караган түнү Сокулук районундагы “Поле чудес” конушунда орун алып, бала ооруканага жеткирилген соң, милиция кызматына кабар берилген. Азыркы учурда Рамазандын абалы кандай жана соттук процесс кандай уланууда деген собол менен тийиштүү мекемелерге кайрылып, адвокаты Шердор Абдыкапаровдун да оюн уктук.

Толугу менен видеодон көрүңүз: