Бишкек мэриясынын «Тазалык» ишканасы таштандыга карызын төлөбөгөндөр үчүн жаңы сунуш киргизүүдө.
Ишкананын жетекчиси Рамиз Алиевдин айтымында, элдин «Тазалыкка» 185 миллион сом карызы бар. «Ишкана күнүнө 1 миң тоннанын тегерегинде таштанды чыгарып жатат. Ошол миң тоннаны графиктин негизинде чыгаруу үчүн 80дей унаа керек. Тилекке каршы, жылдын башында эле ошол унаалардын саны 30 болчу. Жакында эле 32 унаа кошулду. Дагы 20дай унаа жетпей жатат. 1 унаанын баасы 5-6 миллион сомдун тегереги. «Тазалыкка» кээде эл төлөбөйт, анткени ишкана эч кандай чара көрбөйт дешет. Мисалы, жарыкка акча төлөбөсөңүз, жарык өчүп калат. Биз ошол 185 миллион сомго жаңы унаа алсак жакшы болмок. Айлыктар да өз убагында берилмек. Бир идея келди. 5 жылдан бери төлөбөгөн жарандар бар», — деди ал.
Ал ошондой эле «Тазалык сенден башталат» деген плакатты көрсөтүп, төлөбөгөн жарандардын тосмосуна ошону чаптаса кандай болорун сурады. «Сиздин ой-пикириңиз керек болуп жатат. Бир жылдан ашык төлөбөгөндөргө чаптасак туура болобу же болбойбу?» — деди ал.