«Ойноо үчүн кетип, үйүн таппай калышкан». Бишкекте адашып кеткен эки кыз апасына өткөрүлдү

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн эки кызды таап беришти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Кечээ, 29-июнда Кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жүргөн учурда, саат 18:50 чамасында Панфилов паркында адашып жүргөн эки өспүрүм кызды байкашкан.

Кызматкерлер кыздардын аты-жөнүн тактоодо 2012 жана 2015-жылы туулган кыздар ойноо максатында үйүнөн чыгып, кийин адашып үйүн таппай жүргөндүгүн аныкташкан. Кызматкерлердин аракети менен жашаган дареги аныкталып, 1982-жылы туулган апасына кыздарды өткөрүп беришти.